Бүгүн 31-декабрда Бишкекте кезектеги “Вело Аяз аталар” велосипед жүрүшү өттү.
Иш-чараны R-Bikers тоо велоспорту федерациясы уюштурган.
Бул жүрүш борбор шаарда 10 жылдан бери өткөрүлүп келет.
Вело жүрүштүн катышуучулары борбордук көчөлөр менен Аяз ата жана Аяз кыздын кийимин кийип, сапка тизилип өтүштү.
Алар "Түштүк дарбазадан" борбордук Ала-Тоо аянтына чейин келип, шаар тургундарына белек тарашты. (AiA)