Бийлик 2020-жылы ички миграцияны азайтууга аракет жасайт

Кыргыз бийлиги 2020-жылы өсүп келаткан муунду тарбиялоо боюнча үй-бүлөлүк салттарды бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурат. Анын ичинде балдарды коргоонун социалдык деңгээлине таасир тийгизген ички миграцияны азайтууга аракет жасалат. 

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков 3-январда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди кабыл алганда айтканын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. 

Президент менен премьер-министр 2019-жылдын жыйынтыгын жана 2020-жылга пландарды талкуулады. 

Мухаммедкалый Абылгазиев аткаруу бийлик органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары, өкмөттүн 2020-жылга карата пландары жана милдеттери, республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө маалымат берди.

Президент белгилеп өткөн бардык багыттарды ишке ашыруу өзгөчө көзөмөлдө экенин айтты.