Былтыр республикалык бюджетке 126 млрд. сомдон ашуун киреше түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

2019-жылдын январь-ноябрь айларында республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 126 миллиард 19 миллион сомдон ашык каражатты түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, бул каражаттын ичинен 55 миллиард 552 миллион сом салыктан, 37 миллиард 744 миллион сомдон ашык каражат бажы төлөмдөрүнөн чогултулган.

Кыргыз өкмөтү 2019-жылдагы бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, бюджет ошентип 152, 1 млрд. сом киреше, 162 млрд. сом чыгаша болот деп өзгөртүлгөн болчу. (BkA)