Пакистанда аскердик учак кыйрап, эки учкуч курман болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кырсык Пенжаб провинциясындагы Мианвали шаарынан анча алыс эмес аймакта болду. Өлкөнүн Аскер-аба күчтөрү FT-7 үлгүсүндөгү эки кишилик кыргын салуучу учак машыгууда болгонун жана анын ичиндеги эки учкуч тең тирүү калбаганын билдирди.

Учак кырсыгына байланыштуу атайын комиссия түзүлдү.

FT-7 үлгүсүндөгү учактар - Советтер Союзунда жасалган МиГ-21 учактарынын жакшыртылган көчүрмөсү жана Кытайда жасалат. Бээжин мындай үлгүдөгү учактарды 1960-жылдардан тартып жасай баштаган жана андан бери тетиктери бир канча ирет жакшыртылган.