Бишкектеги “Алай” коомунун мүчөлөрү "Ынтымак" сейил багына жүз түп кызыл карагайдын көчөтүн отургузушту.
Алар борбор калааны көрктөндүрүүгө өлкө боюнча аракет кылышы керек экенин айтышууда.
Кийинки кезекти Ак-Талаа районунун тургундарына өткөрүп берип, өлкөнүн башка аймактарында бул демилгени колдоого чакырышты.
Бишкектеги “Ынтымак” сейил багы былтыр ачылган. Анын жалпы аянты 10 гектарды түзөт. (BkA/GT)