Былтыр мамлекеттик карызды төлөөгө 28 млрд. 122 млн. сом жумшалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2019-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө бюджеттен 28 млрд. 122 млн. сом жумшалды. Анын ичинен 14 млрд. сом тышкы карызды, 14 млрд. 112 млн. сом ички карызды төлөөгө сарпталды.

Министрликтин расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, өткөн жылдын 30-ноябрына карата мамлекеттин жалпы карызы 4 млрд. 503 млн. долларды түздү. Анын ичинен 3 млрд. 781 млн. доллары тышкы, ал эми 722 млн. доллары ички карыз.

Сырттан алынган карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына («Эксимбанк») туура келет. 2019-жылдын октябрь айына карата Кыргызстан Кытайдын «Эксимбанкына» 1,7 млрд. доллар карыз. (BTo)