Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхына арналган илимий сынак жыйынтыкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз улуттук илимдер академиясында өткөн сынакка окумуштуу тарыхчылар Дөөлөтбек Сапаралиевдин, Акылбек Жуманалиевдин жана Темир Асановдун илимий эмгектери келип түшкөн. Курамына окумуштуулар кирген комиссия натыйжада Темир Асановдун «Кыргыздардын оң канат- сол канат этносаясий түзүлүшү - мамлекеттик бирикменин формасы» деп аталган изилдөөсүн жеңүүчү деп тапты. Жеңүүчүгө илимий ишин улантууга 100 миң сом сыйлык берилди.

Бул конкурс мурдагы премьер-министр, коомдук ишмер Темир Сариевдин демилгеси жана каржылоосу менен эки жылдан бери уюштурулуп келет.

2021-жылга окумуштуулар арасында Жунгар хандыгынын учурундагы кыргыздардын тарыхы боюнча сынак жарыяланды. Кийинки жылы окумуштуулар менен катар жаш илимпоздорго өзүнчө сынак өтмөкчү. Илимий иши эң мыкты деп табылган жаш илимпозго 50 миң сом сыйлык берилет. (ZKo)