Алайда сабатын ачып жаткан памирлик кыргыздарга окуу куралдары жетишсиз болуп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Сары-Могол айылдык мектебинин мугалимдери билдиришти.
Райондук билим берүү башкармалыгы жакын арада 50 окуу китебин алып келип бермей болуп жатканы айтылды.
Памирден көчүрүлүп келген кыргыздар үч класска бөлүнүп окуп жатышат. 7-17 жаш, 17-45 жаш курагындагылар жана аялдар үчүн өзүнчө класс ачылган. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү кабарлагандай, алар үчүн атайын эки мугалим бөлүнгөн. Окуу мектептин эски имаратында жүрүп жатат.
2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. Аларга өкмөттөн турак жай курууга 1,2 гектар жер жана 10 млн. сом бөлүнгөн.
2017-жылы Ооганстандан Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. (MdN/ZKo)