Зилалиевдин соту күбөлөр келбегендиктен башка күнгө которулду

Дүйшөнбек Зилалиев.

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин 22-январга белгиленген соту болбой калды. Буга күбөлөрдүн келбей койгону себеп болду. Кийинки соттук отурум 29-январга пландалды.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын Тергөө абагында кармалып турат.

Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат. 

Зилалиев айыптарды четке кагып, «мыйзамсыз түрдө камалганын» айтып келет. (RK)