Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Сатыбалдиев кызматтан алынды

Жалал-Абад. Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өзүнүн жазган арызына ылайык кызматтан алынды. Мындай жарлыкка премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиев кол койгону тууралуу маалымат өкмөттүн сайтына түндө коюлду.

Сатыбалдиевдин кызматтан алынганы тууралуу 22-январь күнү айтыла баштаган.

Кыянбек Сатыбалдиевдин ордуна учурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов дайындалары, ал өкүлчүлүктүн жамаатына бүгүн тааныштырылары кабарланууда. Азырынча бул тууралуу расмий маалымат жок. (ZKo)