Быйыл 40 айыл өкмөтү дотациядан чыгарылат (видео)

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү быйыл 40 айыл өкмөтүн дотациядан чыгарганы жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 27-январдагы кеңейтилген курамдагы жыйынында билдирди. Азыркы учурда дотациядан чыгарылган төрт гана айыл өкмөтү бар. 

Премьердин маалыматы боюнча, 2019-жылы 1,8 миллиард сомго аймактарда 168 чакырым жол асфальтталды. Быйыл да ар бир райондо үч чакырымдан жолду асфальттоо каралып жатат.

Кыргызстанда 2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жылы», 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланган.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылды «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыялады.

Бул убакыт аралагында төрт гана айыл дотациядан чыккан.

2019-жылдын октябрь айындагы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 40 район, 31 шаар, 453 айыл аймагы бар. Алардын 80% дотацияда отургандыктан, республикалык бюджеттен каржыланып келет. (BTo)