Ош облустук соту Баткен облусунун мурдагы прокурору маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча ишти 28-январда карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» прокурордун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун апасы Гүлбара Абдирашитова билдирди. Маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов тастыктады. Прокурордун өлүмүнө шектүү Мелис Калыковдун жактоочулары Ош шаардык сотунун чечимине каршы апелляциялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылышкан.
Ош шаардык соту Баткен прокурорунун өлүмү үчүн айыпталган Мелис Калыковду өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча чечимин 2019-жылдын 27-ноябрында чыгарган. Айыпталуучу соттук кароодо көрсөтмө берүүдөн баш тартып, күнөөсүн толук мойнуна алган эмес. Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов Ош шаардык сотунун чечими акыркы эмес экенин, айыпталуучу тараптын жактоочулары Ош облустук сотуна кайрылууга укуктуу экенин билдирген.
Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы 17-ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү 18-ноябарь күнү таңга жуук Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. (MdN)