Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда кароосуз калган балдардын атасы Дмитрий Гаврилов полицияга өзү барды. Ростов облустук полициясы 41 жаштагы жаранды суракка ала баштады.
Гаврилов 26-январда Хабаровскиден Москвага учуп келип, 9 жана 6 жаштагы эки уулун таштап кетип калган. Балдардын жанынан атасы аларды багууга дарамети жок экени тууралуу тилкат табылган.
Тергөө комитети «балдарын коркунучта калтырган» деген негиз менен кылмыш ишин козгогон. Балдардын ата-энеси ажырашып кеткени, энеси алардан кабар албаганы белгилүү болду. Учурда эки наристе Лобня шаарындагы балдар үйүндө жашап жатат.