Калиева: соттордун кадыр-баркы төмөндөгөнүнө уялам (видео)

Гүлбара Калиева.

Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, соттордун кадыр-баркы төмөндөп кеткенин моюна алды:

- Чын эле кадыр-баркыбыз аябай төмөндөдү. Кээ бир судьялар да ошол кадыр-баркыбызды түшүрүп жатышат. Мен өзүм деле уялам. Мен судьяларга жолукканда айтам, «менин кадыр-баркым - силердин кадыр-баркыңар, ошондон чогулат» деп айтам. «Мен жалгыз эч нерсе кыла албайм» деп кайрылам. 

Парламентте айрым депутаттар «сот көз каранды эмес бийлик бутагы боло албай жатат» деп сындашты. 29-январда Жогорку Кеңеште сотторго байланыштуу мыйзам долбоору каралып жатат. (TSh)