Бишкекте коомдук ишмер Шералы Назаркулов эскерилди

Шералы Назаркулов ачкачылык кармап жаткан кез.

Бишкекте белгилүү коомдук ишмер Шералы Назаркуловду эскерүү иш-чарасы өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, эскерүүгө маркумдун үй-бүлөсү, жакындары, укук коргоочулар катышты.

Эскерүү иш-чарасы Назаркулов узак мөөнөттүү ачкачылык акциясына отурган жерде - Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин имаратынын жанындагы аянтчада жыл сайын өткөрүлүп келет.

Шералы Назаркулов 2002-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы ачкачылык акциясына катышкан. Ал 16-январдан баштап 21 күн саясий ачкачылыкта отуруп, 7-февралда 52 жашында каза болгон.

Быйыл Назаркуловдун көзү өткөнүнө 18 жыл болду.

Анын жарандык активдүү позициясы көзү өткөндөн кийин бааланып, «Эрдик» медалы ыйгарылган. Ысымы Бишкектеги мектептердин бирине берилген. (RK)