ЕККУ: Азербайжанда шайлоочуларга басым болду

Азербайжандын президенти Илхам Алиев добуш берүүдө. 9-февраль, 2020-жыл.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросунун байкоочуларынын пикиринде, парламенттик шайлоодогу көптөгөн мыйзам бузуу фактылары анын расмий жыйынтыгынын тактыгынан шек туудурат. Азербайжанда шайлоого бир нече талапкер катышканына карабай, чыныгы атаандаштык болгон жок.

Миссиянын алгачкы баяндамасында мыйзамдык чектөөлөр бир катар талапкерлердин шайлоого катышуусуна бөгөт койгону белгиленет. Мындан сырткары шайлоочуларга басым болгону айтылат.

Баштапкы жыйынтыкка караганда, президент Илхам Алиев башында турган бийликтеги «Жаңы Азербайжан» партиясы парламенттеги 125 орундун 71ин алды. Калган мандаттарды өз алдынча ат салышкан талапкерлер жеңишти. Шайлоого 20 саясий партиянын талапкерлери катышты. Ошол эле маалда бир катар партиялар шайлоого бойкот жарыялашкан.

Оппозициялык «Мусават» партиясынын лидери Ариф Гажылы «шайлоо толук бурмаланганын» билдирди. Оппозиция өкүлдөрү добуш берүүдө бюллетендер топтому менен ташталып, «карусель» ыкмасы колдонулганын айтып чыгышты.

Жекшембиде жарандардын 48% добуш берип, бул мурдагы шайлоолордон төмөн көрсөткүч болду.

Азербайжанда парламенттик шайлоо быйыл ноябрда өтмөк. Бирок былтыр жыл этегинде президент Илхам Алиев Улуттук Мажлисти таркаткан буйрукка кол коюп, шайлоону февралга дайындаган.