Иран Ислам революциясынын сакчыларынын мааракесин майрамдап жатат

Иран президенти Хасан Роухани Тегерандын борбордук аянтында, 11-февраль, 2020-жыл.

Тегеранда жана башка шаарларда миңдеген ирандыктар көчөгө чыгып, Ислам революциясынын сакчылар корпусунун түзүлгөндүгүнүн 41 жылдыгын белгилеп жатат. Бул жылкы майрам Вашингтон – Тегеран мамилеси курчуп турган маалга туш келди.

Ирандын желегин, Ислам республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Хомейнинин сүрөтүн кармагандар Тегерандын башкы Эркиндик аянтына чогулушту. Бул жерде Иран президенти Хасан Роухани сөз сүйлөдү. Чогулгандар “Америкага өлүм” жана “Биз аягына чейин турабыз” деген жазууларды көтөрүп турушту. Мамлекеттик телеканал Мешхед, Ахваз жана Керман шаарларында болгон митингдерди көрсөттү.

Ислам революциясынын сакчылар корпусунун түзүлгөндүгү жыл сайын АКШ колдогон Шах Реза Пахлави тактан кулатылгандан бери белгиленет.  
Эки жыл мурда АКШ 2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден чыгып кеткен. Андан соң Вашингтон Тегеранга каршы экономикалык санкцияларды калыбына келтирген. Мындан улам Тегеран макулдашуунун алкагында өзүнө алган милдеттенмелерди аткаруудан акырындан баш тартууда.

3-январда Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулаймани Багдадда америкалык авиациянын соккусунан курман болгон соң АКШ менен Ирандын тиреши ого бетер курчуп кеткен.