Кыздар арасында футзалдан мелдеш өтүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 16 жашка чейинки кыздар арасында футзал боюнча өлкө чемпионаты башталганын Футбол федерациясы билдирди. 

Мелдеш 10-февралда башталып, ага жети команда: “Беловодск” (Чүй), “Таш-Көмүр” (Жалал-Абад), “Теңир-Тоо” (Нарын), “Кызгалдак” (Жети-Өгүз), Балдар өспүрүмдөр спорт мектебинин курама командасы (Чүй), “Ысык-Көл” (Ысык-Көл облусунун) жана “Азалия” (Бишкек) командалары өз ара күч сынашууда. 

Мелдеш 14-февралда жыйынтыкталат. (GT)