Тышкы иштер министрлигине жаңы статс-катчы дайындалды

Нуржан Бардинова.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин 11-февралдагы жарлыгы менен Нуржан Бардинова Тышкы иштер министрлигине статс-катчы болуп дайындалды.

Министрликтин жамаатына жаңы статс-катчыны өкмөттүк аппараттын башчысы Самат Кылжыев тааныштырды.

Нуржан Бардинова буга чейин өкмөткө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин статс-катчысы болуп иштеген. (ZKo)