Окуучунун мектептеги өлүмү иликтенүүдө

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарында мектеп окуучусунун өлүмүн Свердлов райондук милициясы иликтеп жатат. 

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 16 жаштагы өспүрүмдүн (эркек бала) сөөгү №16 мектептин ажатканасынан 11-февралда табылды. Аны мектептин кароолчусу байкап калган. 

Маркум өзү шаардагы №64 мектепте окуган. Окуянын чоо-жайы азырынча маалым эмес. 

Милиция өспүрүмдүн сөөгү башка мектептен табылганы да табышмактуу экенин айтууда. (SE)