Жогорку Кеңеш вице-премьерликке Мадумаровдун талапкерлигин жактырды

Акрам Мадумаров.

Парламент Кыргызстандын вице-премьер-министрлик кызматына көрсөтүлгөн Акрам Мадумаровдун талапкерлигин жактырып, 12-февралда Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. 

Акрам Мадумаров 2019-жылдын апрель айынан бери өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп жаткан. Ага чейин Мамлекеттик кадр кызматын жетектеген.

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазып, жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 11-февралда кол койгон.

Разаков үй-бүлөлүк шартына байланыштуу вице-премьер-министрлик кызматтан кеткенин айткан. (SE)