Депутат мамлекетти өспүрүмдөрдүн суицидине көңүл бурууга чакырды (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев Кыргызстанда 2019-жылы 46 өспүрүм жанын кыйганын айтып, өспүрүмдөр арасында суицидди азайтууга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурууга чакырды. 

Бул тууралуу маселени парламенттин 13-февралдагы жыйынында көтөрүп, өспүрүмдөр арасындагы суицид боюнча статистикалык маалыматтарды алганын билдирди. 

Тулендыбаев Билим берүү жана илим министрлиги менен Ички иштер министрлиги тез арада бул көйгөйгө бөгөт коюу чараларын иштеп чыгуусу зарылдыгын белгиледи. 

Депутат ата-энелердин балдарга мамилеси көңүлкош болуп жатканы да көйгөйгө себеп экенин кошумчалап, коом арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү суранды. 

11-февралда Бишкектеги №64 мектептин 16 жаштагы окуучусу №16 мектептин ажатканасынан асылган абалда табылган. (SE)