Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрында боло турган «Манасчы» спектакли кытайлык кыргыз, белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде коюлган. Анда байыркы кыргыздардын дипломатиясы, диний жана медициналык дүйнө таанымы, үрп-адаттары, жашоо-турмушу жөнүндө баяндалган.
Спектаклдин бет ачары 18-февралда болуп, төрт күн катары менен көрүүчүлөргө тартууланат. (ZKo)