Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 18-февралда саат 00:01де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тоң айылдарында төрт балл, Ак-Сай, Төрт-Гүл, Тогуз-Булак, Тамга айылдарында үч балл, Кызыл-Туу, Кара-Коо айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (BTo)