Кытайлык мигранттар Кыргызстандагы ишине кайта башташты

«Кемин» көмөк чордонун курган кытай жумушчулары. Иллюстрациялык сүрөт.

Алар жаңы жылдык эс алуу учурунда мекенине кетип, эми кайра ишине кайтып жаткандар. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 18-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде депутат Наталья Никитенконун суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ибраимжановдун маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда Кытайдын беш миң жараны жүрөт.

«Кытайлык мигранттардын саны жалпысынан 8-9 миңге жетет. Алар негизинен жол куруу жана тоо-кен ишканаларында иштешет», - деди Ибраимжанов.

Коронавирус илдети чыккан Кытай менен чек ара январдын аягында жаңы жылдык майрамга карата жабылган. Кийинчерээк Мамлекеттик чек ара кызматы эки өлкөнүн ортосундагы өткөрмө бекеттер Кытайда вируска байланыштуу абал турукташмайынча ачылбай турганын билдирген.

Кыргызстан жылына 13 миңге жакын чет элдик жаранга өлкө ичинде иштөөгө квота берсе, анын 85% кытай жарандары колдонушат. (ZKo)