Бишкек ЖЭБинин жабыркаган жумушчусунун абалы канааттандырарлык

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) иш учурунда жараат алган жумушчусу ооруканада дарылануусун улантууда. Бул тууралуу 19-февралда «Азаттык» радиосуна «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бейтаптын абалы жакшы. Ал бетинен жана колунан күйүк алган. Учурда Травматология жана ортопедия борборунда жатат. Дарыгерлер анын денесинин 4% күйүк алганын, абалы оор эмес экенин айтышты.

Окуя 18-февралда болгон. 36 жаштагы жумушчу оңдолгондон кийинки жандыргычты чогултуп жаткан учурда токко урунган.

Учурда кырсыктын чоо-жайын атайын түзүлгөн комиссия териштирип жатат. (RK)