УКМК: Туруктуу коррупциялык схема түзүп алган топ кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы полициясынын жана Мамлекеттик салык кызматынын эки жооптуу кызматкери туруктуу коррупциялык схема түзүп алган деп шек саналууда. Бул тууралуу 21-февралда «Азаттыкка» Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

Сулаймановдун айтымында, Коррупцияга каршы кызмат аларды 20-февралда колго түшүрдү. Экөө тең Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) Кыргызстанга мыйзамсыз товар алып кирген деп шек саналып жатат. 

«Бул кызматкерлер 2019-жылы Кыргызстанга товарларды тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөстөн, тоскоолдуксуз өтүү үчүн системалуу түрдө акча жыйнап турган. Учурда бул факт боюнча тергөө жүрүп жатат», - деди ал.

Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча кылмышка шектүү болуп жаткан эки кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылдан кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулуп, ал азыркыдай атала баштаган. 

Бир катар жергиликтүү эксперттер Кыргызстан тариф жеңилдиктеринен пайдалана албаганын, салык иретинде түшкөн каражаттын азайышын жана биримдиктин жалпы соода-сатыгына кирүүдө кыйынчылыктар көп болгонун айтып жүрүшөт. (RK)