ӨКМ Бишкекте катуу шамал болорун эскертти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир сааттан кийин Бишкек жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал болорун эскертүүдө. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Буга чейин Бишкекте катуу шамалдан дарак кулап, автоунааны басып калган учурлар болгон.