Кыргызстанда Мекен коргоочулардын күнү белгиленүүдө

Кыргызстанда 23-февраль - Мекен коргоочулардын күнү майрам катары белгиленүүдө. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды куттуктаган сөзүндө коопсуздукту камсыз кылуу — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

“Өлкөбүздүн тарыхында каармандыктын изин калтырган аталарыбыздын элесине таазим кылабыз. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине сый-урмат көрсөтөбүз. Биздин жарандарыбыздын тынчтыгын жана бейпил турмушун коргоп, аскер турмушунун катаал сыноолорунан татыктуу өтүп жаткан жоокерлерибизди куттуктап, аларга ыраазылык билдиребиз” – деди Жээнбеков.

Кыргызстанда Мекенди коргоочулар күнүнө байланыштуу аймактарда, күч түзүмдөрүндө ар кандай иш-чаралар өткөрүлдү.

23-февраль - Совет доорунда Кызыл армиянын негизделген күнү катары майрамдалып келген. Кыргызстан эгемендик алган жылдардын башында бул күн майрамдардын тизмесинен чыгарылган. 2003-жылдан тарта кайрадан жылнаамада кызыл менен белгилене баштаган. (TSh)