Азимжан Аскаров сотко катышарынан күмөн саноодо

Азимжан Аскаров сотто. Январь, 2017-жыл.

2010-жылдагы июнь окуяларына байланыштуу айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга жана Кыргызстандын күч органдарына ачык кайрылуу жиберди. Анда Аскаров 25-февралда болгону жаткан соттук териштирүүгө өзү катышуусунан күмөн санап, бул кайрылуусун сотто сүйлөөчү сөзү катары жарыялаганын билдирген.

Азимжан Аскаров кайрылуусунда өзүнүн иши атайылап, милиция кызматкерлери тарабынан өч алуу максатында жасалганын белгилеген. Катта «адам укуктары милициянын бөлүмүндө, сурак бөлмөсүндө, тергөө абагында, сот залында жана түрмөнүн камерасында сакталмайынча, өкмөт адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерин аткара албаганын көрсөтөт» деп жазылган. Аскаров аны милиция кызматкерлери кыйнашканын, соттор өздөрүнө тагылган милдетти аткарбай, мурунтан чечилген өкүмдөрдү чыгарып келишкенин белгилеп, оор беренелер менен соттолгонун ошол кездеги бийлик башындагылардын буйругу деп билдирген.

Ал 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн жетекчилигин да «сот иштерине кийлигишкен» деп айыптап, «кылмыш ишинин нугу мени айыптоого гана багытталган» деп жазган.

Укук коргоочу бул кайрылуусун да «Кыргызстандын эли менин кудай, эл, мыйзам алдында таза экенимди билсе дейм» деп жыйынтыктаган.

Ушундай эле мазмундагы кайрылуусун укук коргоочу 18-февралда да жарыялаган. Ал кайрылуусуна азырынча кыргыз бийлигинен жооп боло элек. Акыйкатчынын орун басары жооп берген. Кыргызстандын күч органдары болсо Аскаровдун ишин «сот чечет» деген жооп менен гана чектелип келет. (ZKo)