25-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызстан.

25-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда маал-маалы менен кар жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо жана Нарын облусунда кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 8…13;

Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Нарында түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен нөшөр жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 10...12 градус болот.