Жапонияда дүйнөдөгү эң кары адамдардын бири көз жумду

Иллюстрациялык сүрөт.

«Киодо» агенттигинин маалыматы боюнча Ниигата аймагынын 112 жаштагы тургуну Титэцу Ватанабэ 23-февраль күнү дүйнөдөн кайтты. Ал ушул айдын башында дүйнөдөгү узак жашаган адам катары Гиннестин рекорддор китебине киргизилген эле. 

Ватанабэ 1907-жылы 5-мартта туулган. 

Андан мурдагы эң кары адам да жапониялык болчу. Масазо Нонака былтыр 20-январда 113 жашында дүйнөдөн кайткан.

Дүйнөдөгү эң узак жашаган адамдардын тизме башында жапондор турушат. 117 жаштагы Фукуокалык Канэ Танака аттуу кемпир Гиннестин планетадагы эң узак жашоочу деген наамды алып жүрөт.