Министрлик: Чүйдө соя айдагандар көбөйө баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунда соя өсүмдүгү айдалган эгин талааларынын аянты кеңейүүдө. Бул тууралуу 25-февралда «Азаттыктын» эфиринде айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев билдирди:

«Сояны Чүй облусунда айдаш керек. «Килограммын 26-27 сомдон алабыз» деп жаткан түрдүү компаниялар бар. Сатылат. Ошондуктан дыйкандарга сунуш кылып жатабыз. Чүй жана Москва райондорунда жылдан жылга соянын аянты көбөйө баштады.»

Кыргызстан - аймагынын 65-70% айыл жери ээлеген агрардык өлкө.

Бир-эки жыл мурда «Кыргызстандын айыл чарбасынын азыркы абалын жана келечегин талдоо» илимий эмгеги жарыяланган. Анда кандай өсүмдүк айдоого ыңгайлуу экени аныкталбаганы, соода-сатыкта кандай товарга артыкчылык берилери талданбаганы айтылган. (BD)