«Санпа шейиттери»: Аскаровго карата сот өкүмү өзгөрүүсүз калышы керек

«Санпа шейиттери» коомунун мүчөлөрү басма сөз жыйынында.

Жалал-Абадда өткөн басма сөз жыйынында «Санпа шейиттери» коомунун мүчөлөрү Азимжан Аскаровдун иши Жогорку сотто кайра каралып жатышын айыптап, мурунку сот чечимдеринин өзгөртүүсүз калышын талап кылышты.

Коомдун төрагасы Сырдаш Мамарасулов «өкмөттүк эмес уюмдар июнь окуясына күнөөлүү болгон адамды жактап, кайрадан анын иши сотто каралышын колдоп жатканына» нааразылыгын билдирди:

«2010-жылдагы окуяларга Азимжан Аскаров түздөн-түз катышканы бардык соттордо далилденип, өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Эгерде ага карата соттун чечими өзгөрө турган болсо, биз, жабырлануучулар жөн карап турбайбыз. Бул эки элдин ортосуна кайрадан доо кетириши мүмкүн. Апрель айында Бишкекте боло турган сот отурумуна да катышып, өз нааразылыгыбызды билдиребиз».

«Санпа шейиттеринин» дагы бир мүчөсү Кеңеш Калбаев Аскаровдун таламын талашып жаткан укук коргоочуларды сындап, "Биздин эми сууган жаратыбызды козгобосун жана өкүм ошол бойдон калсын» деди.

Жогорку сот Азимжан Аскаровдун жана анын адвокатынын жазык ишин биринчи инстанцияга кайтаруу тууралуу кассациялык даттанууларын кароого 25-февралда киришти.

Жогорку Соттун маалыматына караганда Аскаровдун жактоочусу кошумча кассациялык даттануу бергендигине байланыштуу келерки сот отуруму 6-апрелде улантылмай болду. Буга кассациялык кошумча даттанууга байланыштуу прокурорлордун иш менен таанышууга убакыт сураганы себеп болду.

Былтыр 2-декабрда Жогорку сот жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кассациялык арызын карап, «Массалык башаламандык уюштуруу» беренеси боюнча жаза мөөнөтүн азайтып, «Улутуна карап киши өлтүрүү» беренесин «Киши өлтүрүүгө» алмаштырган.

Жакында эле Азимжан Аскаров «Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин сунуштарын, эл аралык милдеттенмелерин аткарбай жатат» деп кыргыз өкмөтүнө каршы Бишкектин район аралык сотуна арыз жазган. Арыз сотто качан каралары белгилүү боло элек.

«Human Rights Watch» эл аралык уюму жакында эле дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасында кыргыз соттору БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун эске албаганын билдирген. (RsK)