Сириядагы аялдарды жана балдарды кайтаруу маселеси кайра көтөрүлдү

Сириядан уул-кыздарын күткөндөр Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү. 26-февраль, 2020-жыл.

Сириядагы лагерлерде кармалып турган кыргызстандык аялдар менен балдарды кайтаруу боюнча бийлик ыкчам аракет кылбай жатат. Мындай доомат 26-февралда АКИпресс маалымат агенттигинде укук коргоочулар менен жабырлануучулар уюштурган басма сөз жыйынында айтылды. Эки кызы, аялы, небелери Сириядагы лагерде жүргөн Рамаз Сариев өкмөткө нааразы болду:

«Биз эркектер тууралуу айткан жокпуз, кыздарыбызды, неберелерибизди алып келип беришсе болмок. Же «биздин өкмөт алып келбейбиз» деп айтып койбойт».

Басма сөз жыйынын уюштургандар Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан өз жарандарын алып келип жатканын белгилеп, кыргыз бийлиги кам көрбөсө нааразылык акцияларына чыгууга, коңшу өлкөлөрдөн жардам суроого аргасыз болушарын билдиришти.

«Элет көйгөйү» коомдук бирикмесинин жетекчиси Марипа Алыйкулованын айтымына караганда Сириядагы кыргызстандык аялдарды жана балдарды кайтарып келүү боюнча жакындары акыркы тогуз айда президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө, Ички иштер министрлигине, УКМКга 30дай кат жолдоп, көптөгөн кайрылууларды жасашкан.

Былтыр өкмөттүн өкүлү кыргызстандык балдарды кайтаруу боюнча Сирия бийликтери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бирок мүмкүнчүлүк түзүлбөй жатканын «Азаттыкка» билдирген.

Айнакулованын маалыматы боюнча Сириядагы «Аль-Холь», «Роуч» лагерлеринде сегиз жашка чейинки 400 бала, 136 аял бар. Расмий маалыматтарда Сирия менен Ирактагы террордук топторго ар кандай жолдор менен кошулуп калган 800 кыргызстандык бар экени, алардын көбү диний ишенимден, экстремисттик топтордун, акчанын азгырыгынан кетип калганы айтылып келатат. Кеткендердин 150гө жакыны балалуу аялдар.(AiA)