Республиканын түштүк аймагындагы айрым райондордо жер титиреди. Сейсмология институту 27-февралда кабарлаганына караганда, шаршемби күнү Баткендин Кадамжай районунун Бел-Суу айылында 3 баллга, Совет, Кыргыз-Кыштак жана Шуран айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген жер титирөө катталды.
Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында жердин титиреши 2 баллга чейин сезилди.
Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)