Ала-Тоо аянты таштандылардан тазаланды

Иллюстрациялык сүрөт.

"Тазалык" ишканасынын өкүлү Руслан Жаныкуловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Ала-Тоо аянтындагы митингден кийин бир тонна таштанды чыгарылды:

"2-март күнү аянтта жалпысынан 25 кызматкер жана эки техника иштеди. Митинг таратылгандан кийин Ала-Тоо аянтынан 1 тонна таштанды чыгарылды, негизинен кагаз, желим баштык, желим бөтөлкөлөр жана таштар".

2-мартта Бишкектеги борбордук аянтта камактагы Садыр Жапаровдун бошотулуусун талап кылган эл чогулуп, митинг өткөргөн. Кечке жуук алар Ак үйдү көздөй бет алганда, милиция аларды күч менен кууп таркатты. Эки тараптан таш ыргытуулар болду. Милиция келтирилген чыгымдар эсептелип жатканын билдирип, алардын баары митингди уюштуруучулардын чөнтөгүнөн төлөнөрүн эскертти.(ZKo)