Азиз Батукаевдин иши боюнча сотто күбөлөр көрсөтмө берет

Азиз Батукаев.

3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук иш уланат.

Айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, 3-марттагы жараянда иш боюнча күбө катары өтүп жаткан дарыгерлер көрсөтмө беришин улантат.

Батукаевдин ишине байланыштуу сот жараяны январдан бери күбөлөрдү угуу менен уланууда.

Сот отуруму айыпталуучулардын бири - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өтүп жатат. Башында сотко катышуудан Атамбаев өзү баш тарткан болсо, кийинчерээк Биринчи май райондук сотунун судьясы анын сот отурумуна катышуусуна тыюу салган. (ZKo)