Дүйнөлүк банк Кыргызстанда банкротко учураган ишканалардын карызды кайтаруу жөндөмдүүлүгү боюнча көрсөткүч жакшыра баштады деп эсептейт. Бул тууралуу кезектеги «Doing Business» изилдөөсүндө айтылат.
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, изилдөөнүн корутундусунда 2018-2019-жылдары Кыргызстан көрсөткүчүн төрт позицияга жакшыртып, 82-орундан 78-ге жогорулады.
Министрлик белгилегендей, бул багытта жүргүзүлүп жаткан реформалардын негизги максаты – карыздар тараптын активдерин натыйжалуу башкарууну жакшыртуу жана кредитордун банкрот процессиндеги ролун жогорулатуу.
Соңку расмий маалыматка караганда, өлкөдө 20 ишкана банкрот болуп жарыяланган. (RK)