АКШ жарандарын Азербайжан жана Түркмөнстанга барбай турууга чакырды

6-мартта АКШнын мамлекеттик департаменти америкалыктар үчүн Азербайжан жана Түркмөнстанга барууну үчүнчү даражадагы коркунуч деп жарыялады.

АКШда ар кандай коркунуч белгилеринин төрт даражасы бар. Үчүнчү даражадагы коркунуч – өтө зарыл болбосо, сапардан баш тартуу керек дегенди билдирет. Аталган эки өлкө тең коронавирус илдети жайылып жаткан Иран менен чектешкендиктен ушундай чара көрүлүп жатат. 

Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин 4-мартта кабарлаганына караганда, жугуштуу илдеттен 92 адам набыт болду. Иран коронавирустан өлгөн адамдардын саны жагынан Кытайдан кийинки орунда. Оорудан көз жумгандардын арасында Ирандын көсөмү аятолла Али Хаменеинин кеңешчиси да бар.