Кызматкерлерге кол салган аял эки айга камалды

Кызматкерлерди жулкулдаткан аял. (Фото «АКИпресс» агенттигинин видеосунан алынды).

Бишкектин Свердлов райондук соту 2-мартта митинг учурунда президенттин жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имаратка кирип-чыккандарга кол көтөрүп, жулкулдаткан аялды эки айга камакка алды. Бул тууралуу 10-мартта «Азаттыкка» шаардык соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Ал аял Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №21 абагында 4-майга чейин кармалмай болду.

Тергөөнүн аякташына жараша бул мөөнөт өзгөрүшү ыктымал.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы аялдар тобу кызматкерлерге асылган иш боюнча Жазык кодексинин 264-беренеси («Массалык башаламандык») менен сотко чейинки териштирүү башталганын 5-мартта кабарлаган.

«Ыплас сөз сүйлөп, асылган аялдын аты-жөнү аныкталды. 47 жаштагы Ч.Н. аттуу аял 4-мартта Бишкек ШИИБине жеткирилди», деп билдирген милиция мекемеси.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотууну талап кылган митингдин соңунда чогулгандар менен милиция кагылышкан. Милиция митингдин катышуучуларын күч менен таратып, айрымдарын кармаган. Бул окуя өзүнчө иликтенүүдө. (RK)