Кыргызстан чет өлкөлүк жарандардын киришине тыюу салды

«Манас» аба майданы.

Кыргыз өкмөтү 19-марттан тартып чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын аймагына киргизүүнү убактылуу чектөө боюнча токтом кабыл алганын тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахманов 18-марттагы басма сөз жыйынында билдирди.

«Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанга келүүнү пландап жаткан чет өлкөлүк жарандарга бардык категориядагы виза берүүнү токтотту», - деди Абдрахманов. 

Министрдин орун басары мындай чектөөлөр дипломаттарга, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө, эл аралык каттамдагы учактар менен поезддердин айдоочуларына тиешелүү эмес экенин билдирди.

17-мартта кыргыз өкмөтү Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын киришине убактылуу чектөө киргизгени жатканын маалымдаган. Анда чет өлкөлүктөр үчүн убактылуу чектөө боюнча азырынча бир айлык мөөнөт белгиленип жатканы кабарланган. 

18-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы үч киши аныкталды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар арасында коронавируска чалдыккандар жок. Дүйнөдө бул илдет 140тан ашык өлкөдө катталды. (TSh)