Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө карантинге алынган Бостон, Благовещенка жана Орто-Азия айылдары 19-марттын таңынан баштап толук курчоодо турат жана дезинфециялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондун акими Эрмек Омошев билдирди:
«Блок-посттор менен курчалган айылга эч ким кирип чыкпай жатат. Оорулууларды жана боюнда бар келиндерди машинелер менен постко чейин алып келишип, ушул жерде дарыгерлер көзөмөлдөп жатат. Ал эми азык-түлүк жагынан зарыл болгон учурда айылдардагы дүкөндөргө жеткирип беребиз. Кырдаал көзөмөлдө жана тургундар түшүнүү менен кабыл алып жатат. Бүгүндөн тартып айылдар толугу менен дезинфекцияланып жатат», - деди Омошев.
Акимчиликтин маалыматына караганда Бостон, Благовещенка жана Орто-Азия айылдарындагы 2200дөй түтүндө 10436 адам жашайт.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталып, буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Саламаттык сактоо министрлиги 19-мартта Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталбаганын билдирди. (RsK)