Кыргызстан эл аралык каттамдарды убактылуу чектеди

«Манас» эл аралык аэропорту ушул күндөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай чечим 19-мартта коронавирустун алдын алуу штабынын жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык 20-марттан тартып Бишкек жана Ош шаарларынан учуучу бардык эл аралык каттамдар токтойт. Бирок Москва-Бишкек, Москва-Ош, Новосибирск-Бишкек багытындагы каттамдарга жумасына бир жолудан учуп-конууга уруксат берилди.

Штабдын бул чечимин Транспорт министрлиги чет элдик жана жергиликтүү авиакомпанияларга маалымдоого милдеттүү. (ZKo)