Штаб: Ошто коомдук транспорт токтойт, көчөгө чыкпаңыздар

Ош шаары.

Бүгүн, 20-марттан тартып Ош шаарындагы коомдук транспорт токтотулат. Бул тууралуу коронавирус коркунучуна байланыштуу түзүлгөн республикалык штаб кабарлап, «Көчөгө чыкпаңыздар!» деп эскертти.

Кыргызстанда коронавирустун жаңы үч учуру катталганы 20-мартта жарыяланды. Ооруга чалдыккандар Ноокат районунда аныкталып, алар да Сауд Арабиясына умрага барып келгени белгилүү болду. 18-мартта Сузакта коронавируска чалдыккан алгачкы үч киши аныкталган.

Эки райондо тең өзгөчө абал киргизилди. (RK)