Коопсуздук кеңеши: жергиликтүү шайлоо башка мөөнөткө жылдырылат

Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу 12-апрелге белгиленген жергиликтүү шайлоо башка мөөнөткө жылдырылат. Мындай чечимди 21-мартта Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши кабыл алган.

Эми шайлоону жылдыруу боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол коюшу керек. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, бул жарлык күчүнө кирери менен шайлоого байланыштуу бардык өнөктүк, үгүт иштери өлкөдө эпидемиологиялык абал калыбына келгенге чейин токтотулат. Андан соң шайлоонун жаңы мөөнөтү аныкталып, шайлоо өнөктүгү кайсы баскычта токтотулса, ошол жерден улантылат. Азырынча президенттик аппарат шайлоону жылдыруу боюнча жарлыкка кол коюлганын кабарлай элек.

Кыргызстанда 12-апрелде беш шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк. Буга чейин Ош, Каракол, Токмок, Балыкчы жана Майлуу-Суу шаардык кеңештерине шайлоого катышуу үчүн 22 саясий партия катталган. Алар 13-марттан тарта үгүт өнөктүгүн жүргүзүп жаткан. Айылдык кеңештерге депутатыкка талапкерлердин үгүт иштери 22-мартта башталмак. (BkA)