Кыргызстан коронавирусту аныктоочу дагы 30 миң экспресс-тест сатып алмай болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттен дагы 30 миң даана сатып алмай болду. Илдетке каршы республикалык штаб кабарлагандай, Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги менен бирге медицина каражаттарын, анын ичинде COVID-19 инфекциясын аныктоочу экспресс-тесттерди сатып алуу боюнча иш жүргүздү.

«Бүгүн, 25-мартта 112 500 долларга (ташып келүү баасын кошпогондо) кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу маселеси чечилди. Жакынкы күндөрү экспресс-тесттер Саламаттык сактоо министрлигине келип түшөт», деп билдирди штаб.

Буга чейин кыргыз өкмөтү өз акчасына 22 500 долларга ыкчам тартипте 5 миң экспресс-тест сатып алган. Анын көбү Жалал-Абад облусуна жөнөтүлгөн.

18-24-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 42 адам катталды. Алардын эң кичинеси бир жашка толо элек ымыркай, карысы 86 жашта экени айтылды. 25-марттын таңына карата жаңы учурлар катталган жок.

Бейтаптар Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустук, Ноокат, Ала-Бука аймактык ооруканаларында жатат.

25-марттан 15-апрелге чейин аталган аймактарга өзгөчө абал киргизилди. Коомдук автоунаа жана таксилер толук токтоду. Адамдар түнкүсүн эшке чыкпашы керек, күндүз дүкөнгө, дарыканага, ооруканага гана жана уруксаты болсо жумушка бара алат. (RK)