Кыргызстанда коронавирус жуккан болушу ыктымал деп жаткырылгандардын арасынан 34 адам канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу 26-мартта Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.
Мындан тышкары, денеси ысып, коронавирустун белгилери байкалгандыктан ооруканага шектүү катары жаткырылган 122 адамдан 2-3 жолу лабораториялык анализ алынды. Анализи таза чыкса, өзүн жакшы сезсе, үй карантинине чыгарылат.
Ал эми оору тастыкталгандардын саны 26-март саат 9га карата 44 адам. Алардын алтоо реанимацияда.
25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. (RK)