Британиялык-ирандык гуманитардык кызматкер Назанин Загари-Рэтклиффтин күйөөсү аялын убактылуу абактан бошотуу мөөнөтү дагы эки жумага узартылганын билдирди.
Ричард Рэтликффтин билдиргенине караганда, Назанин 18-апрелге чейин эркиндикте болмокчу. Ага ата-энесинин Тегерандагы үйүнөн 300 метр алыс кетпөө көрсөтмөсү берилген, бутуна атайын чынжыр тагылган.
Британ жана Иран жарандыгы бар Назанин 2016-жылдын апрелинен бери камакта отурат. Ошол эле жылдын сентябрында “Иран өкмөтүн кулатууга аракет кылган” деген айып менен беш жылга соттолгон. Ал өзү дооматтарды четке кагууда.
17-мартта күйөөсү Назанин коронавирустун жайлышына байланыштуу Тегеран бийлиги түрмөлөрдөн убактылуу чыгарган 80 миңдей кишинин арасына киргенин билдирген.