Коронавируска каршы илимий-консультативдик комитет иштеп жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бир катар дарыгерлер коронавируска каршы кеңеш берчү илимий-консультативдик комитет түзүштү. Бул тууралуу аталган кеңештин демилгечиси, мурдагы саламаттык сактоо министри Талант Батыралиев билдирди. Анын айтымында, аталган комитет чет өлкөлөрдө жана өлкөдө иштеп келген тажрыйбалуу дарыгерлер менен илимпоздордон турат.

Алар коронавирусту дарылоо боюнча дүйнөдөгү жана бир катар өлкөлөрдөгү тажрыйба менен таанышып, алардын илимий иштерин Кыргызстанда колдонуунун ыкмаларын иштеп чыгып жатат.

«Консультативдик комитеттин мүчөлөрү учурда англис тилинде чыккан тажрыйбаларды чогултуп, которуп, биздин дарыгерлер колдонушу үчүн даярдап жатабыз. Максатыбыз - Кыргызстанда коронавирустун жайылышын токтотуп, башка өлкөлөрдө сыноодон өткөн тажрыйбаны колдонуу», - деди Батыралиев.

Илимий-консультативдик комитетке Талант Батыралиев, Нурлан Бримкулов, Дамир Осмонов жана башка чет өлкөлөрдө иштеп келген бир катар дарыгер, илимпоздор кирген.

Кеңеш акысыз иштейт жана сунуштары кеңеш берчү мүнөздө.

Былтыр декабрда Кытайда башталган коронавирус инфекциясы учурда дүйнөнүн 190дөн өлкөсүнө тарап, тездик менен жайылууда. Учурда бул илдетке каршы вакцина даярдоо жана дарылоо ыкмаларын иштеп чыгуу боюнча бир катар мамлекеттер иштеп жатышат. (BkA)